Кара-Суу районунда селден жабыркаган жолдордо каттам калыбына келтирилди

Кечээ, 24-июнда саат 21:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу районундагы Ынтымак айыл аймагындагы Жаңы-Арык – Кызыл-Суу унаа жолунун 19-чакырымынан тартып бир нече чакырымы сел сууларынын алдында калган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Табигый кырсык болгон жерге атайын техникалар ыкчам тартылып, №45 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада жолдогу каттам эки тараптуу калыбына келтирилди.

Учурда жолду кеңейтүү иштери улантылууда.

Мындан тышкары, Кара-Суу районуна караштуу Кара-Сөгөт айылында сел жүргөн. Бул унаа жолдо да тазалоо иштери уланат.

Жол каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.

25 Июнь 2026 жыл 10:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча