Казакстанда орусиялык рэпер Наваи Бакиров (Navai) кармалды

Казакстанда орусиялык рэпер Наваи Бакиров (Navai) баңгизаттарды аткезчилик менен ташууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Жамбыл облусунун милиция департаментинен билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, рэпер 13-октябрда «Кордай» чек ара пунктунда Казакстанга кирип келе жаткан учурда кармалган.

12-октябрда рэпердин Бишкекте концерти болгон.

Ырчы бараткан унааны текшерүү учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери баңгизат таап, алышкан.

«Баңгизаттарды аткезчилик менен ташууга аракет кылуу шеги менен кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Башка маалыматтар ачыкка чыгарылбайт», — деп билдиришти милициядан.

14-октябрга карата Navai’нин Астанада концерти пландалган болчу.

Наваи Бакиров — HammAli & Navai дуэти аркылуу белгилүү болгон азербайжан улутундагы орусиялык ырчы.

15 Октябрь 2026 жыл 11:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча