Талас облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.
2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, Талас облусунун Айтматов жана Манас районундагы жалпы узундугу 28 чакырым жолго асфальт-бетон төшөө каралган.
Негизинен долбоор үч тилкеге бөлүнүп ишке ашырылууда:
Бүгүнкү күнгө карата аталган Айтматов районундагы Кировка–Гребень–Плотина унаа жолунун узундугу 11 чакырымды түзгөн унаа жолдо 5,7 чакырымына экинчи катмардагы асфальт төшөлдү.
Жолду оңдоо иштери белгиленген графикке ылайык аткарылып, учурда жолдун сапатын жакшыртуу жана кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу багытында тиешелүү иштер жүрүп жатат.
Долбоор толугу менен ишке ашкандан кийин аймактагы транспорттук байланыш жакшырып, жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жүрүү шарттары түзүлөт.
Жол куруу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө.
