Талантбек Арстанкулов Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн министр Дамир Осмонов Улуттук госпиталдын эмгек жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды.
Талантбек Арстанкулов саламаттык сактоо тармагында жана мамлекеттик башкаруу системасында 30 жылдан ашуун жетекчилик тажрыйбага ээ. Ал хирургия багыты боюнча билим алып, саламаттык сактоону башкаруу жана мамлекеттик-муниципалдык башкаруу боюнча магистр даражасын алган.
Жаңы жетекчи буга чейин медицина жана башкаруу багыттарында бир катар жооптуу кызматтарда иштеген.