Курулуш объектисинде кулаган бетон насосу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдүбү?

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Бишкек шаарындагы курулуш объектисинде кулаган бетон насосу боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Аталган видеодо көрсөтүлгөн окуя борбор калаанын Матросов көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак үйдүн курулуш объектисинде катталган. Окуя болгон учурда министрликтин инспекторлору тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, курулуш иштерин жүргүзүүдө эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча курулуш нормалары сакталбай, бетон насосунун төрт таянычынын бир тарабы сынып кеткен.

Мунун кесепетинен насос жанаша жайгашкан аймактын тосмосун басып калып, электр зымдары үзүлгөн.

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Аманат Сити” ЖЧКсына карата 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле электр зымдарын калыбына келтирүү боюнча талап коюлуп, учурда компания тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жарандарды курулуш объектилеринде мыйзам бузууларды же кемчиликтерди байкаган учурда фото жана видео материалдар аркылуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин ишеним телефонуна (WhatsApp) билдирүүгө чакырат.
📞 Ишеним телефону (WhatsApp): 0 (221) 328-256

7 Март 2026 жыл 17:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча