Кыргызстанда эттин баасы акырындап өсүүдө. Себеби

Кыргызстанда эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу аяктагандан кийин продукциянын баасы акырындык менен жогорулай баштаганы байкалууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башкы адиси Динара Муратова радио эфиринде билдирди.

Анын айтымында, эттин баасынын мамлекет тарабынан жөнгө салынышы 2026-жылдын 2-майында аяктаган. Июнь жана июль айларында баалардын өсүшү уланганы менен, ал кескин мүнөзгө ээ болгон эмес.

«Мурун баа 500 сомдон 600 сомго чейин көтөрүлүп кетиши мүмкүн болчу. Азыр мындай өсүш жок. Баалар республика боюнча орточо эсеп менен жумасына 2–3%га гана акырындап жогорулап жатат», — деди ал.

4 Август 2026 жыл 13:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча