Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам каза тапты.
Облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, кырсык кечээ, 3-август күнү Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 100-чакырымында болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, Бишкек шаарынын 1960-жылы туулган К.Т. аттуу тургуну башкарган «Volkswagen Golf» үлгүсүндөгү унаа түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып, башкы жолго чыгууга аракет кылган учурда чыгыштан батышты көздөй келе жаткан 1994-жылы туулган Р.А. башкарган «Chevrolet Monza» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен Ж.Б. аттуу жаран окуя болгон жерде каза болгон. Ошондой эле 2018-жылы туулган бала оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбой, жолдо каза болгон.
Дарыгерлердин маалыматына караганда, ооруканага жалпысынан 6 адам жеткирилген. Алардын арасында жолдо каза болгон бала да болгон
Учурда үч бөлүмдө 5 адам дарыланууда. Жандандыруу бөлүмүндө 2 адам, алардын бири жаш бала, шашылыш жардам көрсөтүү бөлүмүндө 2 адам жана хирургия бөлүмүндө 1 адам жатат. Дарыгерлердин айтымында, жабыркагандардын абалы учурда туруктуу.
Жол кырсыгы Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды электрондук журналына катталып, учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.