Бишкекте көчөдө ток урган 9 жаштагы бала каза болду

Бишкекте көчөдө ток урган 9 жаштагы Ибрахим Анарбеков ооруканада каза болду. Бул тууралуу анын апасы билдирди.

Кырсык 26-июлда борбордун 6-кичи районунда болгон. Маалыматка караганда, бала достору менен арыкта ойноп жүргөндө электр тогуна урунуп, оор абалда ооруканага жеткирилип, реанимацияга жаткырылган.

Алдын ала маалымат боюнча, чыңалуу жакынкы имараттардын бириндеги ички электр тармагындагы бузулуудан улам пайда болгон болушу мүмкүн. Бул боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тергөө жүргүзүүдө.

3 Август 2026 жыл 9:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча