Бишкекте 4 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы токтотулду

Улуттук банк өткөн аптада мыйзам талаптарын бузган жарандарга жана акча алмаштыруучу жайларга карата бир катар таасир этүүчү чараларды колдонду.

Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, Ысык-Көл облусунун төрт жана Жалал-Абад облусунун эки тургунуна Кыргызстандын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн 17,5 миң сомдон айып салынды. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда лицензиясыз чет өлкө валютасын накталай алмаштырган дагы бир жаран 17,5 миң сом айыпка жыгылды.

Мындан тышкары, 30-июлдан 13-августка чейин Бишкектеги «Арча Моней», «Аника», «Гранд Кэш» жана «Престиж Мани А» акча алмаштыруучу бюролорунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду.

3 Август 2026 жыл 10:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча