Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстан, Россия жана Казакстандагы негизги азык-түлүк товарларынын бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү.
Ага ылайык, Кыргызстанда акыркы мониторингдин жыйынтыгында күрүчтүн баасы 4,4%, импорттолгон 1-сорттогу буудай уну 3,6%, күн карама майы 2,3%, каймак май 1,4%, кой жана уй эти 0,9%га жогорулаган.
Ошол эле учурда сабиздин баасы 1%, жергиликтүү 1-сорттогу буудай уну 0,8%, картошка 0,8%, пияз 0,6% жана пастерленген сүт 0,2%га арзандаган.
Казакстанда көпчүлүк негизги азык-түлүк товарларынын баасы төмөндөгөнү байкалса, Россияда кумшекердин баасы 1,8%га өскөн. Калган бир катар азыктар, анын ичинде картошка, пияз, жумуртка, күрүч жана эт азыктары арзандаган.
Министрлик мындай мониторинг азык-түлүк рыногундагы баалардын өзгөрүшүнө талдоо жүргүзүү жана абалды көзөмөлдөө максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын белгиледи.