Кыргызстанда асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө фермерлерге жеңилдетилген насыя берилет.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, министрлер кабинети асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жеңилдетилген каржылоо программасын бекитти. Ага ылайык, фермерлер жана асыл тукум мал чарбачылыгы менен алектенген субъекттер жылдык 3 пайыздык үстөк менен насыя ала алышат.
Жеңилдетилген каржылоо асыл тукум заводдорго жана фермаларга, асыл тукум мал импорттоочуларга, жасалма уруктандыруу боюнча адистерге, ошондой эле асыл тукум бодо мал, топоз, жылкы, кой жана эчки багып өстүргөн дыйкан-фермерлерге берилет.
Насыянын мөөнөтү 60 айга чейин, жеңилдетилген мезгили 12 айга чейин белгиленип, каржылоонун көлөмү 20 млн сомго жетет.
Программанын негизги максаты өлкөдөгү асыл тукум малдын санын көбөйтүү, малдын сапатын жакшыртуу жана фермерлердин өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат. Жеңилдетилген насыя алуу үчүн жарандар «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу кайрыла алышат.
Белгиленгендей,толук маалыматты райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынан же өнөктөш банктардан алууга болот.