Чүй облусундагы Токмок – Кемин унаа жолунун боюнда жайгашкан объекттерге жүргүзүлгөн инвентаризациянын жүрүшүндө 8 мыйзамсыз курулуш аныкталды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, текшерүүдө үч капиталдык курулуш объектиси жана беш жеңил конструкциядагы соода павильону мыйзам талаптарына жооп бербегени аныкталган.
Адистер объект ээлерине шаар куруу жана жер мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзам бузууларды жоюу тууралуу эскертүүлөрдү беришти.
Инвентаризация шаар куруу тартибин камсыз кылуу, мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу жана аймактарды ирээтке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.