Кыргызстанда Орозо качан башталары айтылды

Кыргызстанда Орозо 19-февралда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтияттын маалыматы боюнча, бул чечим Өзбекстандын Самарканд шаарында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңеши тарабынан кабыл алынды.

Ага ылайык, 18-февраль күнү кечинде өлкө аймагындагы жалпы мечиттерде тараба (таравих) намазы окулат.

6 Февраль 2026 жыл 12:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча