МИНИСТР ТАЛАНТБЕК СОЛТОБАЕВ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛДОРДУН КУРУЛУШ ИШТЕРИНИН ЖҮРҮШҮН ТЕКШЕРДИ

Транспорт жана коммуникация министри Талантбек Солтобаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы эл аралык жана ички маанидеги унаа жолдорунун курулуш, реконструкциялоо жана оңдоп-түзөө иштеринин сапаты менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Иш сапардын жүрүшүндө министр жолдордун учурдагы абалына комплекстүү мониторинг жүргүзүп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тийиштүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.

Министр туристтик сезондун башталышы менен жолдордогу кыймылдын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу башкы милдет экенин белгиледи.
Автомобиль жолдорунун курулушунун жүрүшү министрликтин көзөмөлүндө.

2 Июнь 2026 жыл 13:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча