Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев эки күндүк иш сапар менен Баткен облусуна барып, алгач Лейлек районундагы бир катар объектилерди текшерди.

МинКаб башчысы Лейлек районунун жалпы дарыгердик практика борборунун абалы менен таанышып чыкты. Маалым болгондой 2025-жылы терапия бөлүмү авариялык абалга келгендиги үчүн бөлүм жабылып, негизги имараттын экинчи кабатына көчүрүлгөн. Ошондуктан дарыгерлер неврология жана терапия бөлүмү үчүн өзүнчө имарат куруу зарылчыгын айтышты. МинКаб башчысы аталган маселени чечүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга сунуштарды иштеп чыгууга тапшырма берди.
Андан соң МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Кулунду айыл аймагынын Булак-Башы айылындагы «Мега Газоблок КейДжи» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Немис технологиясы менен автоклав газоблокторун чыгаруучу завод, экологиялык таза курулуш материалын чыгарууда. Завод күнүнө 1200 куб метрге чейин сапаттуу автоклавдык газоблок чыгара алат. Бул өндүрүштүн ачылуусу, чек арадагы айыл үчүн экономикалык жактан өсүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
Ошондой эле МинКаб Төрагасы Лейлек Районунун Кулунду айыл аймагындагы Раззаков жана Максат айылдарынын курулушу менен да таанышып чыкты. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Лейлек районунун Раззаков айылындагы жаңы конушту ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын монтаждоо үчүн 39 миллион сом, ал эми Максат айылына 15 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, учурда ичүүчү таза суу жана канализация системасы пайдаланууга берилди.
Мындан тышкары Раззаков айылына 2,4 чакырым жолго асфальт төшөө иштери толук аяктап, бүгүнкү күндө кошумча латок жана бардюрлар коюлууда. Ал эми Максат айылына 1км 120 метр асфальт төшөө үчүн 1км 120 метр жолдун негизи бүткөн.
Ошондой эле МинКаб башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди. Жыйынтыгында МинКаб Төрагасы аталган айылдарга көчүп келген жарандар үчүн бардык шарттарды түзүү зарылчылыгын белгилеп, социалдык обьектиелерди өз убагында сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.