Ошко заманбап электробустар алып келинери күтүлүүдө 

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоп-түзөө иштеринин алкагында кызматкерлер үчүн заманбап ашкана жана 28 орундуу мейманкана уюштурулуп, эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган бир катар иштер аткарылган.

Шаар мэри мекеменин жамаатына ийгиликтерди каалап, жакынкы аралыкта Ош шаарына заманбап электробустар алып келинери күтүлүп жатканын билдирди.

Ошондой эле муниципалдык транспорт тармагын өнүктүрүү, жүргүнчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу шаар бийлигинин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

2 Июнь 2026 жыл 15:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча