Намыстанып асынып алган. Нарында 7-класстын окуучусу өз жанын кыйган

Нарын облусунун Нарын районундагы мектептердин биринде 7-класстын окуучусу өз жанын кыйган. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин жыйынында билдирди.

«Мектептеги китептин ижарасына деп чогултулган акчанын 110 сомун таба албай, тарбия завучу кабинетине алып кирип сурак алыптыр. Ал бала намыстанып асынып алыптыр. Биз өзгөчө парламентте мугалимдерге болушуп келебиз. Бул жерде 110 сом үчүн баланын өмүрү кыйылып жатат. Ал жакта ишти кыргызча жабабыз деп ызы-чуу болуп жатыптыр. Ушуну төрага өзүңүз жана өкмөт көзөмөлгө алып коюңуздар деп кайрылат элем», — деди Сурабалдиева.

Маалыматка караганда, каргашалуу окуя 1-апрелде Нарын районундагы Ийри-суу айылында болгону айтылды.

8 Апрель 2026 жыл 15:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча