
Нарын облусунун Кочкор районунда 18-май күнү алдын ала маалымат боюнча, Сары-Булак айыл аймагында катуу шамал катталып, натыйжада Ак-Кыя, Төлөк айылдарында турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Ошондой эле Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айыл аймагында да катуу шамал катталып, натыйжада Лахол, Жер-Көчкү айылдарында турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткендиги тууралуу маалымдалган.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.