Нурдан Орунтаев: «Кээде машинада түнөйм»

Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жалпыга маалымдоо каражаттары менен «Ачык кабинет» форматындагы жолугушуусунда өлкөдөгү курулуштарды көзөмөлдөө иштери дээрлик күн сайын жүргүзүлүп, бардык аймактарды камтып жатканын билдирди.

Анын айтымында, иштин сапатына министрликтин адистери, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти (МАККД) жана башка көзөмөл органдары көз салып турат.

Министр сапатсыз курулуш материалдарын колдонуу учурлары чанда гана кездешерин, ал эми жарандар атайын онлайн платформа аркылуу арыз-даттанууларын калтыра алышарын белгиледи.

Ошондой эле ал курулуш объектилерине өзү да үзгүлтүксүз барып турарын жана иш графигинин тыгыздыгынан улам «кээде машинада түнөп каларын» кошумчалады.

9 Июль 2026 жыл 12:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча