Орунтаев өлкөдөгү курулуштардын ар биринин сапатына кепилдик бере аларын айтты

Өлкө аймагында жүрүп жаткан бардык курулуштардын сапатына кепилдик бере алам. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ар бир курулуш объектиси долбоорлоо этабынан башталат. Алгач долбоору даярдалып, тиешелүү макулдашуулардан жана экспертиза органдарынан өтөт. Андан кийин гана мамлекеттик реестрге катталып, курулуш иштери башталат.

“Реестрге катталган ар бир объектке министрликтин өкүлдөрү бекитилет. Алар курулуштун бардык этабын көзөмөлдөп, туруктуу түрдө текшерип турушат. Эгер кандайдыр бир мыйзам бузуу же кемчилик аныкталса, айып пул салынып, бузуу жана кайра куруу талап кылынат. Курулуштун ар бир этабы көзөмөлдө турат. Бүгүнкү күндө курулуштардын сапаты жогору деп ишенимдүү айта алам”, — деди министр.

Министр курулуш иштериндеги арматуранын сапатына да токтолду. Ал белгилегендей, Кыргызстанда арматуранын 500-маркадагы түрү гана колдонулат.

10 Декабрь 2025 жыл 13:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча