КР УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, Ош ОИИБде иштеген Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын улук ыкчам кызматкери – милициянын майору М.З.У. пара менен кармалды.
Ал 2025-жылдын 20-августунда жаран У.Т.нын наркологиялык экспертизасын «оң чечим чыгарып берем» деп, 40 000 сом талап кылган.
Паранын 30 000 сомун алып жатканда колго түшүрүлүп, УКМКнын тергөө абагына камалды.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 96 жана 97-беренелери боюнча тергөө иштери жүрүүдө.