Ошто жаш эне беш жашы жете элек баласы менен күйүп кеткен (Видео)

Ош шаарындагы Жибек-Жолу аймактык башкармалыгындагы Орозбеков 26 көчөсүндө таңкы саат 3:30 чамасында турак үйдүн биринчи(подвал) кабатында өрт башталган. Өрт алоолонуп чатырына чыкканда кошуналары көрүшкөн.

Өрт өчүрүүчүлөр келген убакта жарандардын жансыз денеси таанылгыс күйүк абалда табылган. Тактоо учурунда алар 34 жаштагы энеси беш жашы жете элек баласы менен болгондугу аныкталган.

Учурда жеринде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев башчылыгында укук коргоо органдары, тиешелүү кызматтар иш алып барууда.

22 Октябрь 2025 жыл 9:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча