Кечээ, 15-декабрда Австралиянын Сидней шаарында болгон террордук актта жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, Кыргызстандын дипломатиялык мекемелери Австралиянын аймагында жүргөн кыргыз жарандары менен тынымсыз байланышта болууда.
Министрлик Австралияда убактылуу же туруктуу жашап жаткан Кыргызстандын жарандарын сактык чараларын көрүүгө жана жергиликтүү бийликтин сунуштарын кунт коюп аткарууга чакырат.
«Өзгөчө кырдаалдар келип чыкса кыргызстандыктар министрликтин ишеним телефонуна: +996 999 312002 (WhatsApp) жана Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин ишеним телефонуна: 090 6378 7231 кайрыла алышат»,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Австралиянын Сидней шаарындагы Бондай пляжында болгон куралдуу кол салуудан 16 адам каза болуп, 40 адам жаракат алган. Маалыматтар боюнча, белгисиз адамдар Бондай пляжында эс алып жүргөндөргө ок чыгарган.