ТҮШҮМҮ МОЛ ЖАНА КИРЕШЕЛҮҮ. МИНИСТРЛИК ДЫЙКАНДАРДЫ КҮЗДҮК БУУДАЙ ЭГҮҮГӨ ЧАКЫРАТ
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө чакырат.
Күздүк буудай — эмгекти сарамжалдуу, түшүмдү мол жана кирешени туруктуу кылуунун ишенимдүү жолу. Эмне үчүн күздүк буудайды тандоо пайдалуу?
- Жогорку түшүмдүүлүк жогорку киреше
Күздүк буудай жаздыкка салыштырмалуу 20% га чейин көбүрөөк түшүм берет. Жогорку түшүм — жогорку киреше. Сапаттуу данга суроо-талап дайыма жогору бойдон калат.
- Эрте бышып жетилет
Күзүндө себилген буудайдын вегетациясы жаздык буудайга эрте башталып, эрте бышат. Бул экинчи түшүм алуу же талааны эрте бошотуу мүмкүнчүлүгүн жаратат.
- Кургакчылыкка туруктуу
Күзүндө топуракта жазга салыштырмалуу көбүрөөк ным болот. Бул фактор үрөндүн жакшы өсүп чыгышына жана тамырынын тереңден кармалышына өбөлгө түзөт.
- Азыкты топтоо
Күздүк эгиндер күзгү жаан-чачынды жана жылуулукту пайдаланып, азыктандыруучу заттарды топтоого жетишет, бул алардын өсүшүнө жана өнүгүшүнө жакшы таасирин тийгизет. Мындан тышкары күзүндө отоо чөптөр азыраак болуп, бул аларга каршы күрөштү жеңилдетет.
- Жаздагы жумушту азайтуу менен убакытты туура пайдалануу
Күздүк себүү жаз айларындагы башка маанилүү иштерди өз убагында аткарууга шарт түзүп, айыл чарба жумуштарынын жүгүн азайтат.
31 Октябрь 2025 жыл 10:10