Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Түштүк магистралын Шопоков шаарына чейин узартуу боюнча курулуп жаткан тилкедеги иштердин жүрүшүн карап чыкты.
Иштер мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жүргүзүлүүдө. Объекттин курулушу ушул жылдын август айынын аягына чейин бүткөрүлүшү пландаштырылууда.
Жергиликтүү жолугушууда Бакыт Төрөбаев курулуштун тез темпин жана жогорку сапатын камсыз кылуу зарылдыгын белгилеп, долбоорду ишке ашыруу транспорттук байланыштарды жакшыртып, учурдагы жол тармагына түшкөн жүктү азайтып, Чүй облусунун тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзөрүн белгиледи.
