Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары өспүрүмдөрдү сүрөткө жана видеого тартууда, анын ичинде шайлоо алдындагы иш-чараларда жана үгүт кампанияларында Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген нормаларды так сактоо зарылдыгын эскертет.
Ведомствонун маалыматына караганда, учурдагы мыйзамдардын талаптарына ылайык, өспүрүмдөр сүрөткө же видеого тартылышы алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энелеринин, асырап алуучуларынын), ал эми алар жок болгон учурда — камкорчуларынын жазуу түрүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
Бул талап балдардын жеке жана мүлктүк укуктарын коргоого, ошондой эле алардын образын саясий, коммерциялык же башка максаттарда тиешелүү уруксатсыз пайдаланууга жол бербөө максатын көздөйт.
Бүгүнтөн тартып Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча үгүт мезгили башталгандыгына байланыштуу, министрлик бардык талапкерлерди, саясий партияларды, массалык маалымат каражаттарын жана маалыматтык же агитациялык иш жүргүзгөн башка уюмдарды баланын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын так сактоого өзгөчө көңүл бурууга чакырат.
Өспүрүмдөрдүн сүрөттөрүн жана катышуусун үгүт материалдарында пайдалануу мыйзамдуу өкүлдөрүнүн расмий макулдугу болгон учурда жана укуктук, этикалык нормалардын чегинде гана жол берилет. Бул талаптарды бузуу мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.
Эмгек министрлиги бардык кызыкдар тараптарды балдардын катышуусундагы коомдук-саясий иш-чараларды чагылдырууда жоопкерчиликтүү жана аң-сезимдүү мамиле жасоого чакырат, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону ар дайым биринчи орунга коюу зарылдыгын белгилейт.