Талас шаарынын борбордук аянтындагы сейил бак жаңыланууда

Талас шаарынын борбордук аянтындагы сейил бак жаңыланууда. Долбоорду ишке ашырууга “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду тарабынан 4 млн 500 миң 940 сом бөлүнүп, учурда реконструкция иштери жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, жаңыланган сейил бак шаар тургундары үчүн эс алуу, сейилдөө жана маданий убакыт өткөрүүгө ылайыктуу заманбап коомдук жайга айланат.

Белгиленгендей, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду буга чейин инфраструктураны өнүктүрүү багытында 63 долбоорду ишке ашырып, жалпысынан 78 млн сом инвестиция салган.

Долбоор аймактын өнүгүүсүнө салым кошуп, тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү демилгелердин бири катары бааланууда.

29 Апрель 2026 жыл 14:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча