Туманбаев: Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат

Кыргызстандыктар эски үлгүдөгү туруктуу айдоочулук күбөлүктөрүн акысыз алмаштырат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, жарандар күбөлүктөрүн 15-январдан 15-февралга чейин акысыз алмаштырса болот

«Айдоочулук күбөлүк боюнча суроолор көп болуп жаткандыктан кыскача маалымат берейин. Декабрь айында айтылгандай эле, президенттин тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 15-январынан 15-февралына чейин эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат. Ошондуктан убакытты өткөрбөй, азыртадан барып алмаштырып алыңыздар», — деп белгиледи ал.

13 Январь 2026 жыл 9:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча