Ысык-Көлдө өткөн Формула-1 жарышы экологияга зыян келтирдиби?

Ысык-Көлдө өткөн UIM F1H2O эл аралык мелдешинен кийин суунун, топурактын жана жээк тилкесинин булганышы аныкталган жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-июлдан 2-августка чейин Бает айылында өткөн мелдештин жүрүшүндө адистер тарабынан үзгүлтүксүз экологиялык жана техникалык көзөмөл жүргүзүлгөн.

«Суунун сапатын аныктоо үчүн мелдешке чейин жана андан кийин үлгүлөр алынып, химиялык анализ жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында мунай заттарынын курамы жана эриген кычкылтек боюнча көрсөткүчтөрдө ченемден ашуу же суунун сапатынын начарлашы катталган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле акваторияны жана жээк тилкесин текшерүү учурунда күйүүчү-майлоочу майдын төгүлүшү, топурактын жана жээктин булганышы аныкталган эмес.

Белгиленгендей, мелдеш аяктагандан кийин убактылуу инфраструктураны демонтаждоо жана аймакты талаптагыдай абалга келтирүү боюнча уюштуруучуларга сунуштар берилген. 3-августтагы акыркы текшерүүдө жарыш катерлери контейнерлерге жүктөлүп, Европа өлкөлөрүнө жөнөтүүгө даярдалганы жана мелдеш өткөн аймак иретке келтирилгени белгилүү болгон.

11 Август 2026 жыл 13:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча