«Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты улуттук идеологияны чыңдоо, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон айкѳл Манастын атын Жалал-Абад шаарына ыйгаруу болуп эсептелет.
Андыктан Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаары деп кайра атоо каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Подписан Закон «О переименовании города Джалал-Абад Джалал-Абадской области Кыргызской Республики в город Манас»
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О переименовании города Джалал-Абад Джалал-Абадской области Кыргызской Республики в город Манас».
Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 10 сентября 2025 года.
Целью Закона является укрепление национальной идеологии, присвоение городу Джалал-Абад имени великого Манаса – народного героя, защитника кыргызского народа от различных нашествий.
В этой связи Законом предусмотрено переименование города Джалал-Абад Джалал-Абадской области Кыргызской Республики в город Манас Джалал-Абадской области Кыргызской Республики.
Закон вступает в силу по истечении десяти дней со дня официального опубликования.