Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде Таласта өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 30-августта билдирди.
Быйыл мамлекеттик деңгээлдеги майрамдык иш-чаралар 30-август күнү Жалал-Абад шаарында өтүп жатат. Анда президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы административдик имараты ачылып, анда Жалал-Абад шаарынын мэриясы да жайгаша турганы белгилүү болду.