Бишкекте кайсыл жерлерде көмүр сатылууда? Даректер…
Бишкек мэриясы шаардын кайсыл даректеринде көмүр сатылып жаткандыгы тууралуу айтып берди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкекте көмүр төмөнкү даректерде сатылууда:
Ленин районунун аймагында 7 көмүр базасы бар:
- Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасы. (Кара-Кече көмүрү);
- Мурманск көчөсү, 45/2 дарегиндеги “Кара-Тоо” ЖЧКсы(мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) (Кара-Жыра көмүрү);
- Мурманск көчөсү, 122, 122а дарегиндеги “Береке” ЖЧК(Кара-Кече көмүрү);
- Мурманск көчөсү, 1Б дарегиндеги “Беш Сары» ЖЧК (Кара-Кече көмүрү);
- Коргоо министрлигинин Дэн Сяопин проспектиси, 306а дарегинде жайгашкан көмүр базасы (Кара-Кече көмүрү);
- Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 дарегиндеги “Болотбеков” жеке ишкер (Кара-Кече көмүрү);
- Мурманск көчөсү, 1Б дарегинде түштүк тараптан киргенде “Золотая корпорация” ЖЧК (Шабыркүл көмүр).
Октябрь районундагы көмүр сатуу пунктунун дареги:
- «Төкөлдөш» конушу «Аламүдүн» станциясында «Глобал Азия Пропертиз» ЖЧК.
Свердлов районундагы көмүр сатуу пунктунун дареги:
- Достоевский көчөсү, 1 дарегинде ИК «Гефест».
Бишкек мэриясы шаардыктарды күз-кыш мезгилине карата көмүрдү алдын ала камдап алууну суранат.
27 Сентябрь 2023 жыл 10:17