Месси сегизинчи жолу “Алтын топ” сыйлыгын алды

Аргентинанын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси 2022-2023 сезонунун жыйынтыгында “Алтын топту” сегизинчи жолу жеңип алды.

36 жаштагы Лионель Месси баштаган Аргентина курамасы 2022-жылы Катарда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатында Францияны утуп, дүйнө чемпиону болгон. Лионель Месси анда “Эң мыкты оюнчу” деп табылган.

Лионель Месси “Алтын топ” сыйлыгын сегиз ирет алып, рекорд койду.

31 Октябрь 2023 жыл 11:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча