Президенттин колдоосу жана Министирлер Кабинетинин төрагасынын көзөмөлү менен бүгүн, 1-сентябрь күнү 43 жаңы мектеп жана 5 спорт зал окуучулар үчүн эшигин ачты. Бул тууралуу Мамкурулуштун директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.
«Негизи 36 мектепти жаңы окуу жылына бүткөрүүнү пландаганбыз, Кудай жалгап 43 мектеп бүттү.
Курулушчулар башка обьектилерди да убагында бүткөрүү үчүн баардык аракеттерди жумшап жатат, ушул багыт менен кетсек жаңы бүткөн мектептердин саны күн сайын көбөйө берет!»,-дейт Жыпаркулов.
Ал кошумчалагандай, жалпы, 204 мектептин имараты башталып, анын 100 мектеби ушул жылы бүткөрүлөт.