1991-жылы ишмердүүлүгүн баштаган Ат-Башыдагы маданият үйү жаңыланды

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы С.Андабеков атындагы маданият үйүнүн имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Маданият үйү 1991-жылы ишмердүүлүгүн баштаган. Пайдаланууга тапшырылгандан бери бир да жолу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Чатырынан суу тамып, дубалдарынан жарака кетип, эмеректери, эшик-терезелеринин эскилиги жеткен.

Мамкурулуш тарабынан маданият үйүнүн имараты толугу менен оңдолуп, буга чейин иштебей турган жылуулук системасы калыбына келтирилди.

Бүгүнкү күндө объекттин куурулуш иштери дээрлик аяктап калды. Жыл аягына чейин пайдаланууга берилет.

4 Декабрь 2023 жыл 11:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча