26-майга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 26-майга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +25…+27 градус болот.

25 Май 2023 жыл 21:07

Тема боюнча