6-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, өрөөндөрүндө кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +24…+29,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,
Баткенде түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26.
Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +27…+29 градус болот.