6 күндө дээрлик 2 млн сомдук аткезчиликти жүк аныктады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет 6 күндө дээрлик 2 млн сомдук аткезчиликти жүк аныктады.

Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чектешкен аймакта контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 16-ноябрда Лейлек районунун Арка айылындагы кампада 870 миң сомдон ашык суммадагы кондитердик азыктар түрүндөгү контрабандалык жүктү “Хундай Портер” үлгүсүндөгү чет элдик мамлекеттик номерлүү унаага жүктөп жаткан 31 жаштагы М.Т.Р аттуу кыргыз жараны кармалган.

Ошондой эле 21-ноябрда Лейлек районунун Арка айылында жергиликтүү тургундун үйүнөн чет элдик мамлекеттик номерлүү “Мерседес-Бенц Спринтер” унаасы жүктөлгөн 1 млн сомдон ашык эл керектөөчү товарлар түрүндөгү аткезчилик жүк менен кармалды.

Жогорудагы фактылардын негизинде козголгон кылмыш иштеринин алкагында УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК аткезчилик аракеттерди жасаган жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

30 Ноябрь 2023 жыл 11:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча