Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

4-июлда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 17…19°, күндүз 31…33° жылуу болот.

3 Июль 2024 жыл 16:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча