Абакка баӊгизатын киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды

Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына баӊгизатын киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын 24-сентябрь күнү Сузак РИИБдин текшерип өткөрүү пунктуна 35 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга тез татым тамагын алып келгендигин билдирген. Тез татым тамагы нөөмөттө турган Сузак РИИБдин Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкери тарабынан текшерилип, ичинен 3 даана өзгөчө кескин жыты бар баӊгизатына окшогон зат табылып, тергөө-ыкчам тобуна өткөрүлүп берилген.

Бул окуя Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Сузак районунун Багыш айыл аймагынын тургуну 1988-ж.т. О.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал тез татым тамагына 3 грамм 22 мл салмакта баӊгизатына окшогон зат алып келгендиги аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

27 Сентябрь 2023 жыл 10:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча