Абдрахманов көчөсүнүн бир бөлүгү ачылат

Бишкек шаарында жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 18-июлда Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү жана кесилиш ачылат.

Ал эми Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат.

Ошондой эле Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургандарынан өзгөртүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.

18 Июль 2024 жыл 8:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча