Камактагы журналист Адыл Акжол уулунун апасы Айнура Сартмаматова президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасады.
Ал кайрылуусунда баласын үй камагына чыгарып берүүнү суранган.
«Балам өкмөттү дайым колдоп келген. Бишкекте батирде жашайт, эки кичинекей кызы бар. Бизди бага турган ушул эле бала. Уулум тергөө абагында ден соолугу начарлап жатканын адвокаты аркылуу айтып жибериптир. Өтүнөрүм, сиздер мыйзамды карап, уулумду үй камагына чыгарып берсеңиздер», — деди апасы.
Эске салсак, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен №1 тергөө абагына 4-октябрга чейин камакка алынган. УКМК ага кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккандыгы белгилүү болду.