Айнура Чокморова «Окуу китеби» басма үйүнүн директору болуп дайындалды

Айнура Чокморова Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Ал Билим берүү министрлигинин конкурстук комиссиясынын протоколунун негизинде 6 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.

Буга чейин доцент Айнура Чокморова И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Чет тилдер» кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келген.

7 Апрель 2025 жыл 14:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча