Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт

Париждеги Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт.

Айсулуу Тыныбекова жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен күрөшүп, ага 9:3 эсебинде утулуп калды.

Буга чейин 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда нигериялык спортчу Эстер Колаволени, чейрек финалда америкалык Кайл Мираклды жеңген болчу.

9 Август 2024 жыл 23:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча