Айсулуу Тыныбекова Парижде өткөн Олимпиада оюндарында коло медаль тагынды.
Ал эркин күрөш боюнча мелдешке 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, жалпысынан 16 спортчу катышкан.
Кыргызстандык кыз Нигерия жана АКШнын спортчуларын эки жолу жеңиш менен баштап, жарым финалда украиналык Ирина Коляденкого утулуп калды.
10-августта Тыныбекова коло медаль үчүн монголиялык Орхон Пуревдорж менен беттешти. Жолугушуу кыргызстандык спортчунун пайдасына аяктады.
Айсулу Тыныбекова Парижде өткөн Олимпиада оюндарында 3-орунга ээ болуп, коло медаль тагынды. 2021-жылы кыргызстандык кыз Токиодо күмүш байгеге ээ болгон.