Дыйкан-фермерлерди мамлекеттик колдоо максатында иштелип чыккан «Айыл чарбасын каржылоо – 14» долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоордун алкагында каражаттар жылдык 6 пайыздык чен менен 36 айлык мөөнөткө «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу берилүүдө.
Алгач бөлүнгөн 2 млрд 448 млн сом толук өздөштүрүлгөндүктөн, министрлер кабинетинин чечими менен кошумча 3 млрд сом бөлүнүп, долбоордун жалпы суммасы олуттуу өскөн.
«Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча жалпы 5 млрд 74 млн сомдук 7 694 насыя берилди», — деп айтылат маалыматта.
Каражаттар банктар тарабынан төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
«АБанк» ААК аркылуу (жалпы: 2 млрд 465,8 млн сом, 3 750 насыя):
«Элдик Банк» ААК аркылуу (жалпы: 2 млрд 608,2 млн сом, 3 944 насыя):