АКШда эки кыргызстандык жигит жол кырсыктан каза тапты

АКШда эки кыргызстандык жигит жол кырсыктан каза тапты. Бул тууралуу Пенсильвания штатынын полициясы билдиргенин Action news сайты жазды.

Кырсык 3-мартта Филадельфия шаарында болгон. Чоң жолдо үч унаа кагышып, кырсыктан 20 жаштагы жана 21 жаштагы эки жигит көз жумган.

Каза болгон жигиттер кыргызстандык Актилек (2002-жылы туулган) жана Төлөбек (2003-жылы туулган) экенин айтышып, gofundme.com сайтында маркумдардын сөөгүн Мекенине жөнөтүү үчүн каражат чогултууга жардам сураган билдирүү жарыяланды.

Алардын маалыматына караганда, каршы тилкеге чыккан айдоочу мас болгон.

Учурда кырсыктын кесепетин Пенсильвания полициясы иликтеп жатат.

Булак: Марал.

4 Март 2024 жыл 12:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча