Алдын ала маалыматтар боюнча Аксы районунун Кербен шаарында жана Кош-Дөбө, Кара-Камыш айыл өкмөттөрүндө катуу шамал 17 турак жайдын жана 1 социалдык объекттин чатырларын учуруп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
ӨКМдин кызматкерлери учурда жеринде тактоо иштерин жүргүзүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айрым аймактарда катуу шамал болушу жана туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн эскерткен.