Актерлор Кутман менен Океана наристелүү болушат

«Акыркы сабак” сериалындагы Кутман Айылчиев менен Океана Урматбек наристе күтүп жатканын ачыкташты. Алар кубанычтуу кабарын социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүрөт менен бөлүшүштү.

”Биз ата-эне болобуз. Кичинекей үй-бүлөбүз чоңоюп жатат. Сезимдерибизди сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Биз сени күтүп жатабыз”,— деп жазышты алар.

2022-жылдын 5-июль күнү Кутман Айылчиев сүйүктүүсүнүн колун сурап макулдугун алган видеосун соцтармактагы баракчасына жүктөгөн. Ал эми 19-августта Океананын кыз узатуу тою өткөн. 21-августта үлпөт тою болгон.

17 Ноябрь 2023 жыл 9:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча