Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан журналист, Nazar news сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал үй-бүлөсүнө жеке адвокатка муктаж экенин айтып коюуну өтүнгөн. Буга чейинки тергөө иш-чараларында ага мамлекеттик жактоочу берилген. Маектешүүдө коюлган айыпка макул эмес экенин айткан.
“Аны менен бирге камерада мурда соттолбогон дагы үч аял бар. Ден соолугу канааттандырарлык экенин жана эч кандай дары-дармектерге муктаж эмес экенин билдирди”, — деп айтылат маалыматта.
Гүлжан Шерипбаева аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 16-ноябрда ал иштеген кеңседен алып кеткенин жазган. Атайын кызмат ага козголгон иш тууралуу маалымат бере элек.
Ал Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 1-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Райондук соттун маалыматына ылайык, Гүлжан Шерипбаевага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (“расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча айып тагылды.